Молдовановка түрмөсүнөн качууга аракет кылган кылмышкерге ок чыгарылды

Автор -

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түрмөдөн 19 жылга соттолгон 31 жаштагы жаран качууга аракет кылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганга, качкынга карата түрмөнүн күзөтчүлөрү курал колдонуп, ага  эки жолу ок тийип, ооруканага жаткырылды.

Учурда анын абалы канааттандыраарлык. Окуя 17-октябрда эртең менен болгон. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү