Казакстанда жаран үй-бүлө мүчөлөрүнө ок чыгарды

Автор -

Казакстандын Нур-Султан шаарында мас абалдагы эркек аялын өлтүрүп, баласын жарадар кылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда саат 23:00 чамасында болгон. Анда 59 жаштагы үйдүн ээси өз үй-бүлөсүнө карата ок чыгарган.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Түшүнбөстүктөрдөн улам жубайлар арасында чыр чыгып, шектүү аялына карата ок чыгарып, жарадар кылган. Аялы алган жаракатынан улам каза болгон. Окуяда жубайлардын баласы дагы жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Азырынча шектүү куралды кайсыл жактан алганы белгисиз», [/ads-quote-center]

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.