«Сен билесиңби, мени кимдин кызы экенимди?!» — Бишкекте мас кыздардын видеосу тарады

Автор -

Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоунаанын ичинде мас кыздар болгон. Окуянын тасмасын INTER KG аттуу колдонуучу YouTube видеохостингинде жарыялаган.

Андагы маалыматта, унаалардын кагылышуусунан 3 автоунаа жабыр тартканы айтылат. Видеодон жол кырсыгына себепкер болду делген автоунаадан чыккан кыздардын бири «Сен билесиңби, мени кимдин кызы экенимди?!» деп башка жабыр тарткан автоунаанын айдоочусуна кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Окуя Бишкектин кайсы жерде болгону азырынча белгисиз. Бул тууралуу тиешелүү органдар үн катыша элек.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү