23-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 23-октябрда күндүз  Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрүндө  жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: 2….7… күндүз: 15…..20°C;

Таласта түнкүсүн: 0….5….күндүз: 14…..19°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 3…..8….күндүз: 17…..22°C;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: -3…..2….күндүз: 11……16°C;

Нарында түнкүсүн: 0….-5…..күндүз: 12…..17°C;

Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз 18……20°C, түнкүсүн 4..… 6°C.