Кытайдан качып келген шинжаңдык эки казак тергөө абагына камалды

Автор -

Кытайдан качып келгенин айткан шинжаңдык эки казак — Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы Зайсан шаардык сотунун чечими менен тергөө абагына камалды. Алар Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө.

Мусаханулы менен Алимулынын адвокаты Ляззат Ахатованын айтымында, алардын бөгөт чарасын кароо боюнча сот отуруму 21-октябрга белгиленип, бирок бир күн эрте адвокаттын катышуусусуз өткөрүлгөн.

— Сот жекшемби күнү өткөнүн угуп таң калдык. Отурумдун башка күнгө жылдырылганын мага эч ким эскерткен эмес. Бул тууралуу облустук сотко жолдогон апелляциялык арызда жаздым, — деди адвокат.

Ал шектүүлөр оор берене менен айыпталбагандыктан, аларга карата чыгарылган өкүмдү катаал деп эсептейт.

Шаардык соттун төрагасы отурумдун бир күн эрте өткөрүлгөнүн шектүүлөр кармалгандан кийин 48 сааттын ичинде бөгөт чарасы каралышы керектиги менен түшүндүрдү.

30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы 1-октябрда Кытайдын мамлекеттик чек арасынан өтүшкөн. Алар кытай-казак чек арасынын ортосундагы бейтарап аймакта беш күн жүрүп, 6-октябрда Чыгыш Казакстан облусунун Шиликти айылы аркылуу Казакстанга келишкен.

Алар Кытайдын аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзүп жаткан саясатына чыдабай, үй-бүлөлөрүн таштап, качып кетүүгө аргасыз болгонун айтышкан. Кастер Мусаханулы 14-октябрдагы маалымат жыйынында Шинжаңдагы “лагерде” болгонун, ал жерде ур-токмокко кабылганын айткан.

Мусаханулы менен Алимулы ошол эле күнү Алматыдагы миграциялык полицияга баратканда кармалышкан. 15-октябрда алар Кытай менен чектешкен Чыгыш-Казакстан облусундагы Зайсан шаарын жеткирилгени белгилүү болгон.