Мамлекеттик айыптоо соттон Илмияновду 7,5 жылга кесүүнү сурады

Автор -

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин кароо улантылып жатат.

Отурумдун жүрушүндө прокурор тергөөдө Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирди. Ал өз сөзүндө Икрамжан Илмияновго ортомчулар аркылуу 150 миң доллар берүү аракетин баштан-аяк баяндап, акча анын колуна 2017-жылдын 8-августунда тийгенин айтты.

Прокурор күбөлөрдүн сөзүн, банктын кагаздарын жана телефон чалуунун тарыхын далил келтирип, соттон Илмияновду күнөөлүү деп таап, жети жыл алты айга камакка алууну суранды. Мындан тышкары, ал кошумча 100 эсептик көрсөткүчтө айыппул салууну өтүндү.

Мунун алдында Илмиянов көрсөтмө берип, ага айыптар жасалма коюлганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын айткан.

Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

 

Бөлүшүү