Англиянын чыгышындагы Эссекс аймагынан 39 кишинин сөөгү менен фура табылды. Бул тууралуу ВВС\Кыргыз кызматы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жүк тарткан унаа Грейс шаарчасындагы өндүрүш зонасындагы унаа токтотуучу жайда турган.
Полиция бул жерге түнкү саат экилер чамасында келди. Жүк тарткан унаанын айдоочусу 25 жаштагы ирландиялык жаран шектүү катары камакка алынган.
Каза тапкандар тууралуу маалыматтар айтыла элек. Болгону алардын бирөөсү өспүрүм экени белгилүү болду. Жергиликтүү полиция департаментинин офицери Эндрю Маринер каза тапкандардын өздүгүн аныктоо иштери бир нече убакытка созулушу мүмкүн деп айтты.
Оор жүк тарткан унаа Болгариядан Улуу Британияга жекшембиде келгени аныкталган. Унаа табылган жайды полиция тосмолоп койду.