Россияда кыргызстандык мигрантты тамеки бербегени үчүн атып кетишти

Автор -

Россияда  кыргызстандык мигрантты тамеки бербегени үчүн атып кетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя Ленинград облусуна караштуу Мурино шаарында 21-октябрь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Спорт аянтчасында турган 24 жаштагы кыргыз жигитке европа түспөлүндөгү 2 жигит келип, тамеки сурашкан.

«Жок» деген жооп алган жергиликтүүлөрдүн бири тапанча алып чыгып, мигрантты эки ирет аткан. Кыргызстандык жаран төшүнө жана бутуна жаракат алган.

Бул факт боюнча райондук полиция териштирүү иштерин баштады. Жабырлануучунун учурдагы абалы тууралуу маалымат айтылбайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү