Базар-Коргондо 8 киши тамакка ууланып, ооруканага түштү

Автор -

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда тамак-ашка уулануунун белгилери менен (ботулизм) сегиз киши райондук ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкүл Жоробаевге шилтеме менен «Азаттык» жазып чыкты.

Жоробаевдин айтымында, ооруканага түшкөндөр талаада пахта терип жатып, түштөнүүдө колдо жабылган салат жешкен. 19-20-октябрь күндөрү алар четинен ооруканага түшө баштаган.

[ads-quote-center cite=’деди Жоробаев.’]«Баарына өз убагында дары-дармектер берилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Санитардык дарыгерлер үй ээсинин колдо жабылган салаттарынын баарын жок кылышты. Учурда алты бейтаптын абалы туруктуу жана жандандыруу бөлүмүндөгү 11 жаштагы кыздын жана 45 жаштагы аялдын абалы оор»,  [/ads-quote-center]