Сапар Исаков ЖЭБ боюнча сот отурумуна катышуудан баш тартты

Автор -

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу жемкорлукка айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Жоошев мамлекеттик айыптоонун далилдери жетишсиз болгондуктан буга чейин мыйзам бузганы үчүн сыртынан соттолуп, издөө жарыяланган Алексей Елисеев менен Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүн кошууга аракет кылып жатканын айтты.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга жана кызмат абалынан пайдаланууга шектелип, УКМКнын Тергөө абагына киргизилген. Аны менен катар мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергосектор башчылары Салайдин Авазов, Айбек Калиевдер да камалышкан. Бир жылдан ашык убакыттан бери бул иш аягына чыга элек.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү