Сот «Апрель» каналынын «Санариптик технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшүн камакка алды

Автор -

Аскер прокуратурасынын өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту «Апрель ТВ» ЖЧКсынын «Санариптик технологиялар» ЖЧКсындагы 300 сом үлүшүн камакка алды. Бул туурасында April.kg порталы билдирди.

Маалыматка караганда, сот отуруму 22-октябрда өткөн. Жараян болору туурасында телеканалдын өкүлдөрүнө да, жактоочуларына да маалымдалбагандыктан, канал жетекчилиги соттун чечимин бүгүн гана уккан.

Эскерте кетсек, «Апрель» ЖЧКсынын дал ушул «Санариптик технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшү «Апрель» каналын эфир менен камсыздап турчу. Айта кетүүчү нерсе, «Санариптик технологиялар» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы үлүштүн өлчөмү болгону 300 сомду түзөт.    

10-октябрда «Апрель»телеканалы эфирге чыгууга аракет кылып, бул тууралуу «Санариптик технологиялар» ЖЧКсынын жетекчиси Кубат Оторбаевди алдын-ала кабардар кылган. Эфирди бууп таштоого эч кандай негиз болгон эмес. «Апрель» телеканалында эфирге чыгууга уруксат берүүчү кагаз бар болчу жана ошол учурда да  күчүндө турган. Ал кезде «Санариптик технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшү да  камакка алына элек болчу.

Бирок Кубат Оторбаев телеканалды эфир менен камсыздоонун ордуна Аскер прокуратурасына кеңеш сурап кайрылды. Күтүлгөндөй жооп алды. Мекемеден «Апрель ТВ» ЖЧКсынын кайсы-бир компанияда кандайдыр-бир үлүшү болсо, демек алар да камакка алынат деп жооп беришти.

Кийинчерээк «Медиа полиси институтунун» юристтери бул аракеттер мыйзамга туура келбей турганын чечмеледи. Мындан улам, Аскер прокуратурасы сотко кайрылып, үлүштү камакка алууну суранган.

Аскер прокуратурасынын, сот органдарынын жана «Санариптик технологиялар» ЖЧКсынын жетекчиси Кубат Оторбаевдин бирдиктүү аракеттеринин кесепети менен «Апрель» телеканалынын эфирге чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы азайды. 

«Апрель ТВ» ЖЧКсынын жетекчилиги адилеттүүлүккө жетишүү үчүн андан ары соттошууга даяр.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 9-августунда оппозициялык маанайдагы «Апрель» телеканалынын жамааты спецназдын күчү менен «Медиа Форумда» жайгашкан кеңсесинен чыгарылган. Муну «Медиа Форум» имараты мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрүнүн катарында камакка алынганы менен түшүндүрүшкөн. Каналдын жамааты коомчулуктун жардамы менен жаңы кеңсе, жаңы студия түптөп, социалдык тармактарда жана Youtube-каналда өз ишин улантууда.

Бөлүшүү