Канат Исаев жалган жалаа жапканы үчүн Ширин Айтматова менен соттошот (видео)

Автор -

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Канат Исаев Ширин Айтматованы жана «Үмүт-2020» кыймылынын мүчөлөрүн жалган жалаа жапканы үчүн сотко берүү ниетинде. Бул тууралуу эл өкүлү 24.kg агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова өзүнүн YouTube-каналындагы видео ролигинде депутатты Токмок шаарындагы жападан жалгыз китепкананы бир чарчы метрин 23 долларга сатып жиберген деп айыптаган.

Канат Исаевдин айтымында, видеороликтеги маалымат чындыкка дал келбейт.

«Токмоктогу муниципалдык китепкананын имаратын Кенжекараевге берүү тууралуу чечимди шаардык кеңеш мен мэрлик кызматка келгенге чейин эле кабыл алган. Имарат архитектура эстелиги катары эсептелинчү деген маалымат да калп. Ал маданий-тарыхый объектилердин тизмесинен чыгарылган», — деп белгилеген Канат Исаев.

Ал ошондой эле, китепкананын сатылышы боюнча ачылган кылмыш иште акталып чыкканын кошумчалады.