Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр кармалды. Алар Кыргызстанга келатышкан

Автор -

Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар Кыргызстанга келүүгө аракет кылышкан. Алар Краснодарский крайындагы Р-255 «Сибирь» унаа жолунан кармалды. Орусиялык басылмалар мыйзамсыз жүргөн делинген жарандарды «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобустун багажынан табышкан.

Маалыматка ылайык, кичи автобустун ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Алар Якутиядан Кыргызстанга сапар алганы маалым болгон. Ал эми автоинспекторлор унаанын багажында жарандыгы белгисиз болгон 3 киши бар экендигин аныкташкан.

Багажда бара жаткандар чет өлкөлүк жарандар болушкан. Алар Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы аныкталгандан кийин полиция бөлүмүнө жеткирилген. Маалыматта мигранттарга карата административдик протокол түзүлүп, аларды өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе каралып жаткандыгы айтылат.

Мигранттарды ташып бара жаткан айдоочу жоопко тартылды. Анткени айдоочуда камсыздандыруучу кагазы жана унаасында ылдамдыкты көрсөтүүчү каражаты жок болгон. Ошондой эле салондогу үч жүргүнчү коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айдоочуга айып пул салынат. Кийинчерээк белгилүү болгондой, айдоочунун жүргүнчү ташууга уруксат кагазы болгон эмес. Мындан улам, кичи автобус атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү