Икрамжан Илмиянов жети жылга кесилди

Автор -

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айып салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Өкүм бүгүн, 30-октябрда чыкты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды.

Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн. Журналисттерге кыска комментарий берип өкүмгө макул эместигин, адвокаттар менен кеңешерин айтты.

Эске сала кетсек, Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон. Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган. 2019-жылдын июлунда тергөө аяктап, иш сотко өткөн. Прокурор анын күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү