Илмиянов абакта беш жыл отурат

Автор -
Сүрөт: barakelde.org

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча өкүм чыкты. Сот өз чечиминде Илмияновду «күнөөлүү» деп таап, 7 жылга кести.

Ошондой эле, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөр конфискацияга алынарын жана ага 160 миң сом өлчөмүндөгү айып салына тургандыгын билдирди. Андан сырткары, Илмиянов Н.В. Грамович аттуу жаранга 10 миллион 397 миң 235 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бишкек шаардык соттон билдиришкендей, Илмиянов 7 жылга кесилген менен абакта 5 жыл отурат. Анткени, анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 20-октябрынан баштап эсептелинет. УКМКнын Тергөө абагында отурган бир күнү колониядагы эки күнгө тете болот.

Икрамжан Илмияновдун үй-бүлөсүнө тиешелүү конфискациялана турган
мүлктөрдүн тизмеси:

1956-жылы туулган Сатар Илмиянов — Икрамжан Илмияновдун атасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан турак үй;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан жер тилкеси;
  • Лейлек районундагы ошол эле айылда жайгашкан сугат жер;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылына жайгашкан кайрак айдоо үлүшү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү;
  • Лейлек районундагы Катыраң айылында жайгашкан жер тилкеси.

1956-жылы туулган Урулкан Илмиянова — Икрамжан Илмияновдун апасынын атына жазылган:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөр.

1986-жылы туулган Искендер Илмияновго таандык:

  • Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан турак үй.
  • 1977-жылы туулган Айсулуу Илмияновага таандык.
  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы көп жылдык өсүмдүктөрү.

1981-жылы туулган Раимжан Илмияновго таандык:

  • Лейлек районундагы Катыраң айылындагы айыл чарба тармагына багытталган жер тилкеси.

Икрамжан Илмияновдун камакка алынган мүлктөрү:

  • Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушундагы жер аянты;
  • Бишкектин Артезиан көчөсүндөгү үй;
  • Бишкек шаарындагы Баба-Ата көчөсүндөгү «Аброр» чайханасы;
  • 2007-жылы чыккан Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаасы;
  • Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Шопоков көчөсүндөгү жер тилке;
  • Чүй облусундагы картон заводу.

1983-жылы туулган Айбарчын Илмияновага жазылган:

  • Сокулук районундагы ири көлөмдөгү үч сугат айдоо аянты.​​​​​​​

1988-жылы туулган Зулкайнар Илмияновго таандык:

  • Сокулуктагы сугат жери;
  • Ак-Өргө конушундагы жер тилкеси.

 

Бөлүшүү