Россияда киши жегич өзүнүн үч таанышын өлтүрүп, жеп койгон

Автор -
Россияда киши жегич жаран өзүнүн үч таанышын өлтүрүп, жеп койгон. Бул туурасында  BaigeNews.kz Россиянын Тергөө комитетинин Архангельск облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып, жазды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө алар алгач чогуу спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталды. Андан соң каннибал жолдошторуна бир нече жолу бычак сайган. Алар каза болгондон кийин, денелерин жиликтеп, жарым-жартылай жеген. Жегенге болбогон бөлүктөрүн көлгө жана дарыяга ыргыткан.

Кийин ал өз колунан өлгөн досунун батирине көчүп кирип, анын ата-энесине уулу башка шаарга иштеп кеткенин, батирин ага ижарага бергенин билдирген. Калган экөөнүн туугандары жок болгондуктан, аларды эч ким издеген эмес.

Каза тапкандардын өздүгүн тактоо көпкө созулган. Алардын денелери майда бөлүктөргө бөлүнүп, улам бири табылгандыктан таануу оор болгон.

Полициядан каннибал адам этинен сырткары мышыктарды, иттерди жана башка майда жандыктарды, канаттууларды жеп жүргөнүн белгилешти. Атайын жүргүзүлгөн экспертиза ал адамдын акыл-эси жайында деген корутунду чыгарган.