Ошто бир тууган эжесинен кордук көргөн аялдын муңу (видео)

Автор -

Ош шаарынын 59 жаштагы тургуну Токтокан Жакшыбаева өз үйүндө бир тууган эжесинен бир топ жылдан бери кордук көрүп келет. Аял өз арыз-муңун айтып берген тасманы Адыл Акжол уулу аттуу журналист YouTube-каналына жүктөгөн.

Анда Жакшыбаеванын үйүндөгү ызы-чуудан улам  кошуналары кабарчыларды чакыртышканы айтылат. Коңшуларынын айтуусуна караганда, бир бөлмөлүү батир Токтокан Жакшыбаевага тиешелүү болгону менен, ал жерде бир тууган эжеси үй-бүлөсү менен жашап, батир ээсин балконго бөлүп койгон. Ал эле эмес, тамак да бербейт.

«Мага негизи тынчтык керек. Эжемин кызы психикалык жактан оорукчан. Тамак-аш, идиш-аягымды баарын сындырып, ыргытып жиберген. Азыр башка кошуналардын үйүнөн тамактанып жатам», –
дейт Токтокан Жакшыбаева.

Бөлүшүү