Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпиону аталды (видео)

Автор -

Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жаштан  ашпагандардын арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Таймаш Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрда башталган. Кыргызстандан тогуз спортчу барган. Финалдык беттеште кыргызстандыктын атаандашы индиялык спортчу Равиндер Равиндер болду.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтындагы маалыматтарга караганда, Жолдошбеков атаандашын 5:3 эсеби менен жеңген. Ал 61 килограммга чейинки салмактагылардын категориясында таймашып жаткан. Биринчи беттеште түркиялык спортчу Селехаттин Сертти 15:6 эсебинде уткан. Жеңилип калган экинчи атаандашы Валентин Блесецк болду (6:5).

Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайга жеңилүү ызасын тарттырды. Ал эми жарым финалда япон балбаны Рютаро Хаяо менен беттешип, 12:1 менен утуп алган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү