Аэропорттон сөөгү табылган таксистти жатак-абактагы кылмышкерлер өлтүргөн

Автор -

«Манас» аэропортунда сөөгү табылган таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Алар жатак-абакта жазаларын өтөп жатышкан. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 23-октябрь күнү «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында  «Хонда-Торнео» унаасынын багажынан күч колдонуу менен өлтүрүлгөн 39 жаштагы Чүй тургунунун сөөгү табылган. Ал жүргүнчү ташуудан сырткары бандероль жөнөтүү менен да алектенген.

Бул факт боюнча 130-берене (пайда көрүү максатында киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Талас, Ысык-Көл,Чүй, Ош облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында ыкчам-иликтөө иштери жүргөн.

Анын жүрүшүндө шектүү катары буга чейин уурдоо, зордуктоо жана тоноочулук беренелери менен бир нече жолу соттолгон. Чүй облусунун 27 жаштагы Б.Ч. аттуу тургуну жана мурда аткезчилик жана баңгизаттарын сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон 32 жаштагы И.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды.

Тергөө шектүү Б.Ч. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кемин шаарындагы №38 жатак-абагында, ал эми И.А. Молдовановка айылындагы №26 жатак абагында жазасын өтөп жатканын тактады. Экөө тең жатак-абакка 2018-жылдын октябрында которулган.

Андан тышкары, кылмышка жардам берген 28 жаштагы М.А. аттуу Ош облусунун тургуну аныкталды. Ал буга чейин каракчылык жана бейбаштык боюнча соттолгон, учурда аны колго түшүрүү үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын  мекемелеринин жетекчилери абактагыларды көзөмөлдөбөгөнү үчүн К.Х.аттуу жарандын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө жол берилди»,
-дешет ИИМден.

Учурда шектүүлөрдүн өлкө аймагында жасалган башка өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилүүдө. Сотко чейинки өндүруш уланып жатат.

Бөлүшүү