Башкы прокуратура: «Автомаш-Энерго» ишканасындагы тинтүү Атамбаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу

Автор -
Сүрөт: Sputnik.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасынын документтери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдан ушул кезге чейин бул компаниянын ишмердүүлүгү салык органдары тарабынан текшерилген эмес. Ушул жылдын 23-августунда райондук сот «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын мүлкүн камакка алуу тууралуу токтом чыгарып, салыктык текшерүү дайындалган.

[ads-quote-center cite=’— деп айтылат маалыматта.’]«2003-жылы «Кыргыз автомаш» ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып сатуу менен алектенчү «Автомаш-Энерго» деп аталган туунду компания негиздеген. 2004-жылы Атамбаев негиздөөчүлөрдүн курамына уулу Сеидбек Атамбаевди киргизген. Ушу тапта ага аталган фирманын 75 пайыз үлүшү катталган. Мындан улам быйылкы жылдын 23-августунда «Автомаш-Энерго» ишканасы камакка алынып, салыгын текшерүү каралган. Бирок фирманын жетекчилиги ушу кезге чейин ар кандай шылтоо менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген», [/ads-quote-center]

Мындан улам кечээ, 31-октябрда Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде  аталган ишкананын тиешелүү документтерин алуу аракеттери жүргөн.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев кечээ Кыргызстандын бизнес-омбудсменине кайрылып, ишканасын рейдерлик басып алуу аракеттери жүрүп жатканын билдирген.