Россияда жоокер 8 кишини атып салды. Ага тасмадагы окуя себеп болушу мүмкүн (видео)

Автор -
1675

Россиянын Забайкалье аймагында 25-октябрда Рамиль Шамсутдинов аттуу жоокер 8 аскерди атып өлтүргөн. РФ Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышын «жеке көйгөйлөрүнөн улам өзүн кармай албай калуу» катары баалаган.

Бирок Шамсутдиновдун туугандары, тааныштары жана анын мурунку кызматташтары буга ишенбей тургандыктарын бир ооздон билдиришкен. Алардын божомолдорунда бул окуя ошол аскер бөлүгүндөгү «дедовщинадан» улам болуп өткөн.

31-октябрда соцтармактарда жана YouTube-каналында туугандарынын божомолун тастыктаган тасма тарады. Анда Шамсутдиновду офицерлер (же алар көкүткөн жоокерлер) чектен ашып кордоп жатканын көрүүгө болот.

Учурда жоокер — камакта. Ал кылган ишине өкүнбөй турганын билдирди. Анын достору атасына жардам катары 220 миң рубль чогултуп беришти. Интернетте Шамсутдиновду бошотуу петициясына 12 миңден ашык адам кол койду.

 

 

 

Бөлүшүү