Дмитрий Ложников: «Апрель» телеканалын Кубат Оторбаев жапты

Автор -

«Апрель» телеканалын «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын жетекчиси Кубат Оторбаев жапты. Бул тууралуу канал жетекчиси Дмитрий Ложников Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

«Ар бир катанын өз аты жана фамилиясы бар. «Апрелди» «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын жетекчиси Кубат Оторбаев жапты. Андан эч ким суранган эмес. Ал өзү. Бизге бул фактыны моюнга алыш үчүн бир ай керектелди, эми бул тууралуу ачык айта алабыз»,
-деди Ложников.

Канал жетекчиси Кубат Оторбаев бул окуяга Аскер прокуратурасын дагы аралаштырганын, акыркысында «Апрелди» жабуу ою болбогонун кошумчалады.

«А Кубаттын өзүнө мындай кеңешти ким бергени азырынча суроо бойдон калууда. Бирок жогору жактагылардын баары билет — Сооронбай Шарипович «Апрелди» жапкан эмес. Мен анын мындай тапшырма бербегенин анык билем. Анын ордуна бирөө убараланды»,
- деп жазат телеканал директору.

Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнү ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын берип жатып, президент Сооронбай Жээнбеков «Апрель» каналын ал жаппаганын билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү