Ысык-Көлдө күйөөсүн ашкана бычагы менен жүрөккө сайып өлтүргөн келин беш жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.
Соттолуучу аял үйүндө тамак жасап жаткан маалда жолдошу мас болуп келип ага кол көтөргөн. Өзүн коргойм деген кожойке үй-бүлө башчысын бычак менен сайып жиберген. Киши окуя болгон жерде «Тез жардам» кызматы келгенче көз жумган.
51 жаштагы айыпталуучу сот отурумунда кылганын жарым-жартылай мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
[ads-quote-center cite=’— деп билдирген айыпталуучу.’]«Жолдошум менен 25 жыл бирге жашадым, жасаган ишиме аябай өкүнөм. Мурда ал мага жана кыздарыма да кол көтөрчү. Ошонун айынан бир кызым төрөй албай жүргөн. Күйөөмдү өлтүрөйүн деген такыр оюм жок болчу», [/ads-quote-center]Фемида өкүлдөрү аялды беш жарым жылга темир тор артында калтырды.