Баткенде үлпөт той өткөрүп жаткан жубайлар жол кырсыгына кабылды

Автор -

3-ноябрда Баткен шаарында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы күбөлөргө таянып, жазды.

Маалым болгондой, окуя саат 16:00 чамасында катталган. Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 1989-жылы туулган тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. «Мерседес-Бенц» унаасында үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп жатышкан жаш жубайлар болгон. Анын кесепетинен жубайлар жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле үлпөт той дагы токтотулган. Учурда жабырлануучулар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Тиешелүү органдар тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.