Грецияда жүк ташуучу унаадан мыйзамсыз бара жаткан 80 мигрант кармалды

    Автор -

    Грециянын түндүк чыгышындагы Ксанти шаарына жакын райондон полиция кызматкерлери мыйзамсыз кетип бара жаткан 80 мигрантты кармашты. Бардык мигранттар 20-30 жашка чейинки жарандар экендиги аныкталган. Ондогон мигранттар Салоника жолунда дем жетпей өлүп калышы мүмкүн болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

    Маалыматка ылайык, жарандар акы төлөнүүчү трассадан унааны токтоткондо кармалышкан.

    [ads-quote-center cite=’деп жазылат маалыматта.’]«Контейнерде 80ден көп мыйзамсыз иммигранттар болгон. Көпчүлүгүнүн дем алуу органдарында көйгөйлөрү болгондуктан, полиция кызматкерлери «Тез жардам» кызматын чакырышкан. Полиция жана «Тез жардам» кызматы жарандарды ооруканага алып кетишти», [/ads-quote-center]

    Буга чейин да буга окшогон окуя катталган. Анда Англияда жүк ташуучу унаадан тоңуп каза болгон 39 жарандын жансыз денеси табылган. Алар Вьетнам жарандары болгондугу аныкталган. Каза болгондордун көпчүлүгү Вьетнамдын борбордук бөлүгүндө жашап келишкен. Ал экологиялык жана кызматка орношуу көйгөйлөрү көп аймак катары таанылган.