Кыргызстан ок атуу боюнча Азия чемпионатына катышат

Автор -

Кыргызстан ок атуу боюнча лицензиялык Азия чемпионатына катышат. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Азия чемпионаты 3-ноябрда Доха (Катар) шаарында башталып, 14-ноябрга чейин өтөт. Аталган мелдешке катышуу үчүн төмөнкү спортчулар Доха шаарына жөнөтүлдү.

1 Токмоков Асхат 1989 СЧ
2 Щуковская Анастасия 2002 СЧ
3 Махмадова Бактыгүл 1994 СЧ
4 Кеңешбекова Айгерим 2002 СЧТ
5 Исмаилов Тахир Башкы машыктыруучу

Курама кошуун Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда. Дирекциянын бюджетинен 1 миллион 180 миң сом каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү