Россияда мурунку жетекчисин өлтүрүүгө айыпталган кыргыз жараны 10 жылга кесилди (видео)

Автор -
223

Иркутск облусунда жетекчисинин өлүмүнө айыпталган 28 жаштагы кыргыз жараны 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 2018-жылы 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү Гайратбек Ульмасов Усть-Илимск шаарындагы жайгашкан «Трейд Экспорт» ЖЧКсынын аймагына уурданып кирип, өзүнүн мурунку жетекчиси, кытай жаранын металл түтүк менен  бир нече жолу башка чапкан.

Жабырлануучу алган жаракаттарынан жеринде көз жумган. Шектүү из жашырып кетип, бир нече күндөн кийин Россиянын аймагынан чыгып кеткен.

Укук коргоочулар ага издөө жарыялап, көп убакыт өтпөй Ульмасов Новосибирскке учуп келгенде кармалды. Сот аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөй турганын айтты.