Ысык-Ата районунда окуучу кыз өз жанын кыйды

Автор -

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 12 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда 12 жаштагы окуучу асынып алганы тууралуу айтылган.

«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында К.Н. аттуу окуучунун асынып алганын аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү