Россия менен Белоруссиянын хоккеисттери мушташа кетишти. Жаңжал видеого түшүп калган (видео)

Автор -

Минск шаарында хоккей боюнча өткөн мелдеште Россия менен Белоруссиянын курама командалары ортосунда жаңжал чыгып кетти. Окуянын тасмасын Белоруссиянын Хоккей федерациясы өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Жаңжал 10-ноябрь күнү Президенттик спорттук клубдун байгеси үчүн ойнолуп жаткан матч убагында болгон. Мушташ курам алмашып жаткан учурда орун алган. Окуя жүз берген учурда муз үстүндө 20 спортчу бар болгон, деп жазат «Газета.ру». Божомолдорго караганда, уруш орусиялык хоккеисттердин белоруссиялык команданын биринчи тобунун оюнчулары менен келишпестиктеринен улам чыккан.

Хоккеисттерди ажыратуу оңойго турган жок. Акыры оюн уланып, беттеш Россиянын курамасынын 6:0 эсебиндеги жеңиши менен жыйынтыкталды.