Ширин Айтматова Саймаитинин өлүмү боюнча кайрылуу таратты

Автор -

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн, Кыргызстандагы журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык Айеркен Саймаити боюнча видео кайрылуу таратты.

Анда Айтматова Түркиянын күч органдарына кайрылып, Саймаитинин өлүмүн кылдат иликтеп, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун байланыштарын ачыкка чыгарууга чакырган. Ал «Ишкердин өлүмүнө кимдин кызыкчылыгы болгон?» деп суроо салган.

Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү Кытай жараны болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити Стамбул шаарында ок жеп каза тапканы кабарланды. Кылмыш болгон жерде токтоп турган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа талкуу чордонунда калды. Айрым булактар унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экенин жазып чыгышты. Кийинчерээк КР ТИМ унаа чынында Эркин Сопоковго таандык экенин, бирок ал октябрдын аягында сатуу үчүн машинасын ортомчу компанияга тапшырганын билдирди.

Бүгүн эле Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан  бошотулду. Түркиялык ЖМКлар ишкердин өлүмүнө шектүүлөр кармалганын, алардын экөө кыргыз жараны экенин жазып чыгышты.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү