Бишкекте эки тажик жараны чатакташа кетип, бирөө каза тапты

Автор -

Бишкектеги «Кербен» базарында эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бирөө бычакталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрда болгон. Анда Тажикстандын эки жараны ортодогу карыз акча боюнча уруша кетишкен. Мындан улам И.И. аттуу жаран 30 жаштагыХ.А.ны бычак менен көкүрөк тушка сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «адам өлтүрүү» боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сурак берүүдө.