Бишкекте унааларды уурдоого шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

Автор -

Бишкекте 25 жаштагы жаран унааларды уурдап жүргөн деген шек менен кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан шектүүгө карата соттун камакка алуу чечими чыкканын билдирди.

Ушул жылдын 20-октябрында Свердлов РИИБине шаар тургуну Т. А. арыз менен кайрылган. Арыздануучу Бишкектеги Салиев көчөсүндөгү үйүнөн белгисиз жарандар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын айдап, белгисиз тарапка качып кеткенин маалымдаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 1994-жылы туулган Н. Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш ишинде кармалган жарандын мындан башка дагы 3 кылмыш ишине тиешеси бар болуп чыккан. Свердлов райондук соту бул ишти карап чыгып, шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарып, ал СИЗО-1ге киргизилди».
Бишкек ШИИББ

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү