ИИМ: Айеркен Саймаити 2 жылдан бери эл аралык издөөдө болчу

Автор -
259

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2017-жылдан бери эл аралык издөөдө болчу. Ага Кыргызстанда Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди министр.’]«Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча, Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган», [/ads-quote-center]

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланганын 12-ноябрда билдирген. Аталган мекеме ишкер кайсы иш боюнча изделип жатканын айткан эмес.