Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2017-жылдан бери эл аралык издөөдө болчу. Ага Кыргызстанда Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
«Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллардан турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча, Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган»,
деди министр.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланганын 12-ноябрда билдирген. Аталган мекеме ишкер кайсы иш боюнча изделип жатканын айткан эмес.