Саймаитинин өлүмү боюнча өкмөт парламентке маалымат берет

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити жана анын тегерегендеги окуялар боюнча өкмөттүн маалымат беришин талап кылды. Ал парламент жыйынында өлкөдө кылмыштуулук күчөп баратканын белгиледи.

«Биз 1950-жылдардагы Сицилияга окшоп баратабыз. Кыска убакытта аба майданындагы автоунаадан ишкердин сөөгү табылды, «Мадина» базарында соода кылган ишкер өлтүрүлдү, «Кыргыз көмүр» стратегиялык мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул кылмыштуулуктун мамлекетке болгон чакырыгы. Түркияда Кыргызстандын казынасына 5 млрд. сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаити өлтүрүлдү. Аны өлтүргөн адамдар Кыргызстандын паспорту менен, Саймаити айдап жүргөн машине дипломатиялык номер менен чыгып жатат. Ошону да көрмөксөн болуп жүрө берелиби? Бул өзгөчө кырдаал да! Премьер-министр да унчукпайт. Же Батукаев Орусияда элчинин машинесинде жүрсө да унчукпайбызбы?»,
деди депутат.

Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында кылмыштуулук, коопсуздук маселелери боюнча өкмөттүн маалыматын угуу маселесин башка да депутаттар көтөрүп, өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мыйзам кабыл алынганын белгилеп: «Күрөш токтодубу, көмүлдүбү?» деп суроо койду.

Өкмөт бүгүн түштөн кийин учурдагы кырдаал боюнча маалымат бермей болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү