Эркин Сопоковдун ишин текшерүү үчүн түзүлгөн топ Стамбул шаарына барат

Автор -

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгү текшерилет. Бул тууралуу ТИМ маалымат кызматынан кабарлашты.

«Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен ведомство аралык топ түзүлдү. Ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана министрликтин өкүлдөрү кирген. Түзүлгөн топ мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Стамбул шаарына барат», 
деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосундагы кафеде отурган жеринен кытайлык ишкер Айэркен Саймаитини белгисиздер адам атып кетишкен. Саймаити алган жаракаттарынан улам, ооруканада каза тапкан. Кылмыш болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа табылган. Айрым маалыматтарда бул унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылган.

12-ноябрь күнү Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.  Ага удаа ТИМ кылмыш болгон жерде табылган унаа чынында эле Сопоковго таандык экенин, бирок Эркин Сопоков өзүнүн машинасы кандайча ал жерге барып калганын түшүндүрө албаганын кошумчалаган.

 

Бөлүшүү