Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын аймактык чемпионатында (Борбордук зона) коло байгеге ээ болду, деп жазат «Азаттык».
Кыргызстандын Волейбол федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш ушул күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп жатат. Мелдешке Ооганстандын, Мальдивдин, Бангладештин, Непалдын жана Кыргызстандын командалары катышты. Тайпалык мелдеште командалар өз ара бирден оюн ойношту. Кыргызстандын командасы тайпалык мелдеште Ооганстанды утуп (3:0), Непал (0:3), Мальдив (2:3) жана Бангладеш (2:3) командаларына жеңилип, коло байге үчүн таймашка мүмкүнчүлүк алган.
3-орун үчүн беттеште кыргыз волейболчулары талаа ээлери бангладештиктерди үч партияда жеңип, коло байге алышты.