Путин Зеленский менен Казакстанда жолугушууга кандай карайт (видео)

Автор -

Владимир Путин журналисттерге Казакстан президентинин Владимир Зеленский менен жолугушуу уюштуруп берүү сунушуна андай карай турганын билдирди.

«Ал [Назарбаев] ар дайым Украина бакытты деңиздин ары жагынан издебеши керек деген ойду карманып келген. Алыстан алынган кичинекей нерсе да кымбатка түшөт. Чындап эле бакытты океандын ары жагынан издебеш керек, өз коңшулары менен сүйлөшүш керек. Бул туура мамиле»,
деди Путин.

12-ноябрда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Путин менен Зеленский бетме-бет жолугушу керектигин айтып, Казакстан аларга нейтралдуу аймакты камсыздап бере турганын маалымдаган болчу.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү