Кыргызстан унаалардын жеңилдетилген бажы тарифинин мөөнөтүн узартууну суранат

Автор -

Эртең, 19-ноябрда Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Комиссиянын Москва шаарында өтүүчү жыйынында үчүнчү өлкөдөн ташылып келе турган унаалардын жеңилдетилген бажы төлөмүн дагы 3,5 жылга узартуу маселесин көтөрөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди.

Дастан Кадыровдун айтымында, үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын тарифтик төлөмүн көтөрүүнү 3,5 жылга жылдыруу өкмөттүн да, экномика министринин да колунда эмес. Бул иш бир гана ЕАЭБдин ичиндеги 5 мамлекеттин сүйлөшүүсүндө чечиле турчу маселе.

«Бизге 2015-жылы 8-майда ЕАЭБке кирди деген документтерге кол коюлуп жатканда 5 жылдык жеңилдетүү мөөнөтү берилген. Биз азыр эч кандай жаңы тарифке өтпөй элебиз. Болгону иштеп жаткан гана тарифке кирип жатабыз. Чындыгында, физикалык жактарга кымбатыраак болуп жатат. Ал болгону машинаны алып келет. Болду. Эч кандай документи каралбай, болгону бажы төлөмдөрүн төлөп колдонууга алышчу. Азыркы мезгилде юридикалык жактарга деле жеңилдетүүлөр бар. Маселен, «Сamry» унаасы 2500 метр куб болсо, баасы 10 миң доллар болуп, жылы 7 жылдан ашпаса 20% бажы төлөмү төлөп калат. Бирок учурда 10% гана бажы төлөмүн төлөп жатышат. Бул жеңилдетилген баа», -деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйө тургандыгы тууралуу маалымат тараткан болчу. Анда ушул жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардан алынчу бажы алымдарынын жеңилдиги аяктай турганы айтылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү