Кыргызстанда ушу тапта 13 магистралдык жолдордо курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда айтты.
Президент жол куруу долбоорлоруна каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүп жатканын жана донорлордун колдоосуна муктаждык бар экенин айтты.
«Түндүк-Түштүк автожолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 миллион доллар акча каражаты талап кылынат», — деди ал.
Айтымында, Тараз—Талас-Суусамыр автожолунун 4-фазасын курууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Туризмди өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ысык-Көл «шакекче жолун» долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
«Түп-Кеген унаа жолун 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда. Бул жолдун аякташы менен туристтик зонабызга келүү үчүн коңшу мамлекеттин жарандары үчүн да бир кыйла ыңгайлуу шарттар жаралат, соода-экономикалык карым-катнаш жакшырып, туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болот. Эл-аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгѳ жалпысынан 500 миллион доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат», — деди өлкө башчысы.