УКМКнын сейфинен 200 миң доллар жоголгону тууралуу ЖМКларда жарыяланып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
[ads-quote-center cite=’деп билдиришти Коопсуздук кызматынан.’]«Муну менен Мамлекеттик комитеттин жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулукка жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек», [/ads-quote-center]Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевди пара менен колго түшүрүү учурунда алынган 200 миң доллар УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен жоголуп кеткени тууралуу жазып чыгышкан. Далил буюмдун уурдалышына парламент депутаты Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгуловдун катыштыгы бар экени айтылган.
Коопсуздук кызматы Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин ишин тергөө аяктап, сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.
[ads-quote-center cite=’-дешти мекемеден.’]«Ал эми жогоруда айтылган далил буюм катары алынган 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты мамлекетке киреше катары алуу боюнча чечим чыгарылды», [/ads-quote-center]