Унаа киргизүү кымбаттайт. ЕАЭБ Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты

Автор -

Евразия экономикалык биримдиги уюму Кыргызстандын унаанын бажы төлөмү боюнча өтүнүчүн колдогон жок. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Алишеров маалымат каражаттарына билдирди.

Кечээ күнү Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өткөн. Жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнгөн. Бул уюмдун башка мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган эмес.

Үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымынын жеңилдетилген жана жалпы түрү бар. Жалпы — бул унаа баасынын 20% бажы алымы, ага кошумча нарк салыгы кошулат. 2020-жылдын 1-январынан тартып, бажы төлөмдүн ушул түрү ишке кирип, Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.