Аксыдагы кыздардын мушташынан билим берүү бөлүмүнүн башчысы ишсиз калды

Автор -
334

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.М. Зиябекова кызматынан бошотулду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук бөлүм башчысынын кызматтан кол жуушуна 18-ноябрь күнү аталган районго караштуу Жаңы-Жол айылындагы №10 мектепте 10-11-класстын кыздары арасында чыккан мушташ себеп болгон.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Жетекчи окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзгөн эмес. Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди бир нече жолу аткарбагандыгы эске алынып, «Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду», [/ads-quote-center]