«Апрель» телеканалы ишин улантат! Жамаатка эфирге чыгууга уруксат берилди

Автор -

«Санарип технологиялар» ЖЧКсы «Апрель» каналына эфирге чыгууга уруксат берди. Мындай чечим бүгүн, 21-ноябрда компаниянын жалпы жыйынында кабыл алынды, деп жазат April.kg.

Чечимди «Санарип технологиялар»  ЖЧКсынын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү менен кабыл алышкан. Жыйынтыгында көпчүлүгү «Апрель» жана 7-каналдын эфирге чыгуусуна макул болушкан.

Эскерте кетсек, «Санарип технологиялар»  — телекөрсөтүүнүн жеке оператору. Анын курамында 21 телеканалдан 21 өкүл бар.

«Учурда «Апрель» телеканалы эфирге чыгууну жандантууга даярдык көрүүдө. Болжол менен кийинки шейшемби күнү, 26-ноябрда ишин баштайт», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлгөндөн кийин анын мүлктөрү камакка алынган. Алардын катарында ичинде «Апрель» телеканалынын кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» имараты да болгон.