ИИМ: Сөөгү унаанын багажынан табылган Хусан Каримовдун Айеркен Саймаити менен байланышы жок

Автор -
265

«Манас» аэропортунда унаанын багажынан сөөгү табылган Хусан Каримовдун кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен байланышы жок. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМ жетекчисинин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Каримовдун өлүмү боюнча шектүү катары эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланды.

«Аны тоноо максатында өлтүрүшкөн. Эки кишиге издөө жарыяланды, эгер аларды он күндүн ичинде кармашпаса, эл аралык издөө жарыяланат. Маркумдун кытай ишкери Айеркен Саймаити менен байланышы болгон эмес»,
деди Мирлан Каниметов.

Министрдин орун басары өлтүрүлгөн Хусан Каримов бизнес менен алектенбегенин, кирекечтик кылып күн көргөнүн белгиледи.

«Маркум чындап эле акча ташып иштегени аныкталды. Аларды кимге берип жүргөнү учурда такталууда. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча табылды. Азырынча ал акчанын ээси чыга элек»,
деп кошумчалады Мирлан Каниметов.

39 жаштагы Хусан Каримовдун сөөгү 23-октябрда «Манас» аэропортуна жакын жерде токтотулган унаанын багажынан табылган. Анын жанында 10 миң доллар болгону белгилүү. Соцтармак колдонуучулары Хусан Каримов ташып бараткан акча 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жөнөтүлмөк деп болжолдошкон.

Бөлүшүү