ЖК төрагасы бир жылда 876 миң сом иштеп тапкан

Автор -

Жогорку Кенеш төрагасы Дастанбек Жумабеков былтыр 875 миң 784 сом иштеп тапкан. Мындай маалыматты эл өкүлү 2018-жыл үчүн берген декларациясында көрсөттү.

Документте парламент спикеринин аянты 59,5 чарчы метрди түзгөн батири бар экени көрсөтүлөт. Ошондой эле, төраганын 432 миң 100 сомдук эмереги, 402 миң сомдук оргтехникасы, 237 миң 655 сомдук компьютер жана ноутбугу бар. Батирде 364 миң 445 сомдук турмуш-тиричилик техника да бар.

Дастанбек Жумабеков ошондой эле декларациясында жалпы наркы 2 миллион 185 миң сомго жеткен мал-жандыгы бар экенин көрсөткөн. Белгилей кетүүчү жагдай, бул малдар төраганын былтыркы отчетунда жок болчу.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү