«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча президенттин басма сөз катчысы билдирүү таратты

Автор -

ММК өкүлдөрүнүн «Азаттык» жана «Клооп» медиа ресурстарынын журналисттик иликтөөсүнүн айланасында комментарий сурап кайрылгандыгына байланыштуу президенттин басма сөз катчысы, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүдөй билдирүү таратты.

«Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон. Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Орусия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен.

Ош облусу экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чыңдаган. Алардын катарында Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусу менен достук мамиле түзгөн.

[ads-quote-center cite=»]Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан. [/ads-quote-center]

Форумдан кийин Сооронбай Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган.

Иш жүзүндө, жалпысынан системди жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө. Ар кандай күчтөр президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз.

Ошондуктан, президент Сооронбай Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз. Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

[ads-quote-center cite=»]Материалда маанилүү аргумент катары Хабибулла Абдукадырдын Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз.[/ads-quote-center]

Анткени, өлкөнүн шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын президентинин, тактап айтканда, Алмазбек Атамбаевдин аппараты тескеген.

[ads-quote-center cite=»]Сооронбай Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.[/ads-quote-center]

Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт.

Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат. Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Саймаитинин ысымы Кыргыз өлкөсү менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат», — деп жазылат билдирүүдө.