Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургундары арыз менен кайрылышкан. Анда Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде аларга белгисиз жарандар кол салган. Алардын арасында 2 кыз болгон. Алар жабырлануучунун бутуна бычак сайып анын эки телефонун тартып алышкан.
Ошондой эле арыз 16-ноябрда да келип түшкөн. Анда Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде шектүүлөр окуучу кыздын телефонун тартып алышкан. Алар өспүрүмдү сабап, бычак менен коркутушкан. Андан соң ал жерден изин жашырышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө тобу 4 шектүүнү кармап, аларды эки айга камакка алды. Алардын улуусу 20 жашта болсо, кичүүсү 17 жашта.