Троллейбустагы элди бычак менен коркуткан киши камалды

Автор -

Троллейбустун ичинен элге бычак шилтеп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн киши тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Биринчи май райондук соту 27 жаштагы Т.У. аттуу жаранды эки айга №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

Эске салсак, окуя 20-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, троллейбустагы киши жүргүнчүлөргө бычак шилтеп коркуткан. Андан соң качып кетүүгө аракет жасаган, бирок акыры тартип сакчыларынын колуна түшкөн.