Сириядагы террористтик топко акча которуп жүргөн жаран кармалды

Автор -

Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарын террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө каржылык жардам көрсөтүүгө үгүттөп жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 21-сентябрь күнү милиция кызматкерлери  диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга таандык материалдарды интернет аркылуу таратып жүргөн киши тууралуу маалымат алышкан. Бул факт боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, ал Кара-Суу районунун Кара-Суу  шаарынын 32 жаштагы А.К. аттуу тургуну экени аныкталган.

А.К 2019-жылдын апрель айынан бери Сириядагы куралдуу кагылышууда жүргөн «Абдуллох Сурока» аттуу атуул менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстан жана Өзбекстан жарандарына террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө каржылык жардам көрсөтүү боюнча үгүттөө иштерин жүргүзүп келгени белгилүү болгон.

2019-жылдын 17-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында аны колго түшүрүү аракеттери жүргөн. Милиция кызматкерлери алдын-ала белги салынган 5 миң сом акчаны ыктыярчы аркылуу А.К.га бердиришкен. Ал аталган акчаны террордук ишмердүүлүккө сарптоо, башкача айтканда Сирия мамлекетинде жүргөн «Абдувахид Сурока» аттуу атуулга которуу максатында бара жаткан учурда кармалды. Анын иши «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренесинен  «Террордук ишке көмөктөшүү» беренесине квалификацияланып, кылмышка шектүү катары 30-ноябрга чейин камакка алынды.

2019-жылдын 21-ноябрь күнү ал жашаган үйдү тинтүү учурунда короосунда жер астына көмүлгөн жеринен бир даана ПМ 9-мм үлгүсүндөгү жеке номери өчүрүлгөн абалдагы ок атуучу куралы бир даана магазини менен, 8 даана 9-мм ок-дарылары, бир даана ПМ 4,55 үлгүсүндөгү пневматикалык куралы, 3 даана пневматикалык ок, 18 даана пневматикалык газ баллону, 4 даана сим-карта, 7 даана ар кандай өлчөмдөгү микро-флешкарталары алынган.

Жогоруда алынган ок отуучу курал жана ок даарыларга соттук-баллистикалык жана диний жана лингвистикалык экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары алынып барылууда.